МАКСАТЫ:

Экологиялык инженерия билим багыты магистратура программасынын максаты: Комплекстүү кесиптик ишмердүүлүк үчүн теориялык жана кесиптик билимге ээ болгон, экологиялык инженериянын негизги маселелерин (сууларды жана агынды сууларды тазалоо процесстери, абанын булганышынын алдын алуу жана контролдоо, катуу калдыктарды жок кылуу жана контролдоо, кыртыштын булганышы жана контролдоо, зыяндуу калдыктарды жок кылуу жана контролдоо) түшүнгөн, экологиялык экосистемаларды коргоо, улуттук экономиканын экологиялык коопсуздугу, контролдоо жана аудитордук ишмердүүлүк чөйрөсүндө иштөө менен практикалык сунуштарды бере алган жана спецификалык экологиялык проблемалар боюнча адисдешкен магистрлерди даярдоо.

ПРОГРАММА МААЛЫМАТЫ:

Магистрларга заманбап өнүгүүлөрдүн натыйжасында келип чыккан экологиялык көйгөйлөрдү таануу, талдоо жана чечүү; инженерлик, экологиялык аң-сезим менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; экология инженерлиги боюнча алдыңкы билимдер менен бирге керектүү көндүмдөрдү аткаруу; инженерлик кесипти аткара ала турган, жогорку даражадагы программаларды өздөштүрө алган бүтүрүүчүлөрдү даярдоону көздөйт.

Магистратура программасын аткаруу үчүн жетиштүү инфраструктура (9 окуу кабинети, семинар залы, жабдылган компьютерлер жана 4 лаборатория) бар. Окуу жана илимий китептерге, мезгилдүү басылмаларга, маалымат базаларына, электрондук ресурстарга жетүүнү камсыз кылган интернет инфраструктурасына жана окуу бөлмөлөрүно ээ болгон үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн борбордук китепканага бар.

Табигый илимдер институтунда, Инженердик факультетте, Экология инженерлиги бөлүмүндө магистратура программасын аткаруу үчүн жетиштүү профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер бар (8 штаттык окутуучу, анын ичинде 3 профессор, 1 доцент, 1 жардамчы доцент, 1 ага окутуучу, 2 академиялык адис). Айрым окутуучулар чет өлкөлөрдө илимий докторлук даражасын алышкан. Окутуучулар чет өлкөлөрдөгү илимий кызматкерлер менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык илимий иш-чараларга катышып турушат. Зарыл болгон учурда магистранттар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен сырткары Кыргызстандын башка университеттеринен да билим курстарын өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Өз ара кызматташтыктын талабы боюнча ЖОЖдын табигый илимдер жана инженерлик факультеттерин бүтүргөн бакалавриат студенттери магистратура программасына кабыл алынат жана аларга программанын жыйынтыгы боюнча Экология инженерлиги магистр академиялык даражасы ыйгарылат.

Магистратура программасы, илимий өнүгүүлөргө жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат. Жаратылышты колдонуу жана экология билим багыты боюнча магистратура программасынын негизги илимий изилдөө багыттары: суу жана агынды сууларды тазалоо процесстери; абанын булганышы жана көзөмөлдөө технологиялары; катуу калдыктар, көз салуу жана кайра иштетүү технологиялары; топурактын кирдөөсү жана көзөмөлдөө технологиялары; коркунучтуу калдыктар жана аларды башкаруунун технологиялары; өнөр жайдын булганышы жана аны көзөмөлдөө; табигый суу ресурстарына мониторинг жана моделдөө; экологиялык микробиология жана экологиялык токсикология; климаттын глобалдык өзгөрүүсү жана анын кесепеттери; таштандыларды жана энергияны кайра иштетүү технологиялары; таза өндүрүш технологиялары жана экологиялык туруктуулук; экологиялык нанотехнологиялар жана экологиялык химия; жаңы жана алдыңкы экологиялык технологияларды иштеп чыгуу.